Бүгүн Түркиянын борбор калаасы Анкарада Түркия менен Кыргызстандын Каржы министрликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Бул меморандумга кол коюу иш-чарасы Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудиновдун Түркияга болгон иш-сапарынын алкагына болмокчу. Андан тышкары тараптар каржылык маселелер боюнча маалымат алмашуу, кызматкерлерди алмашып, тараптардын тажрыйбаларын үйрөнүү маселелерин талкуулашып, кыргызстандык расмий адамдарды кыска мөөнөттүк программалардын алкагында салык-бюджеттик жана экономикалык саясат боюнча окутууга жиберүүнү уюштуруу маселесин сүйлөшүшөт. (IJz)