Бул өлкө Өзбекстандын коргоо министри Рустам Иноятовду өз аймагына киргизгени үчүн эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылды. Human Rights Watch (HRW) уюмунун өкүлү Рэйчел Денбердин айтымында, министр Рустам Иноятов 2005-жылдагы Анжиян окуяларына түздөн-түз тиешеси бар деп шектелген бийлик өкүлдөрүнүн бири. Анжияндагы окуяларды иликтөө үчүн атайын эл аралык өкүлдөрдүн Өзбекстанга киришине расмий Ташкент бөгөт койгондон кийин, Евробиримдик жети өзбек аткаминерге Биримдиктин аймагына кирүүгө тыйуу салып, алардын арасында Рустам Иноятов да бар эле. Бирок мындай чектөө 13-октябрда алынып салынган. Деген менен расмий Берлин Иноятовдун Германияга сапарынын чоо-жайынан кабардар эместигин айтууда.