Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Революциялык кыймыл шейшембиде кыргыз интеллигенциясы менен жолугушат


“Бакиевди бийликтен кетирүү” революциялык кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча комитет бул күнү жалпы интеллигенциянын өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган өкүлдөрүн чакырып, тегерек үстөл жыйын курат. Анда Кыргызстандын келечеги кандай болот деген суроонун айланасында кеп болуп, Кыргызстандын башкаруу системасы тууралуу талкуулар уюштурулат. Азимбек Бекназаровдун кошумчалаганы боюнча бул жыйынга коомдук-саясий ишмерлер, кыргыз элине кадыры сиңген аксакалдар да чакырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG