Отурумда үч маселе каралат: жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы тууралуу, мамлекеттеги системалык кризиске байланыштуу жана оппозиция менен конструктивдүү күчтөрдүн, радикалдуу кыймылдардын биригүүсү боюнча. Отурумдун башында беш категориядан турган оппозициялык күчтөрдүн биригүү меморандумуна кол коюлат. Алар саясий партиялар, коомдук уюмдар, ЖКнын мурдагы жана азыркы депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер жана массалык маалымат каражаттары. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Акыйкат үчүн” кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкулов маалымдады.(ZKo)