Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:26

Пакистанда жан кечтинин унаасы жардырылып, 8 жоокер мерт кетти


Бул окуя бүгүн (жекшемби күнү) эртең менен Ооганстан менен чектеш чек ара тилкесинде жайгашкан Түштүк Вазиристан вилайетинин негизги шаары Вана шаарындагы көзөмөл бекетинде болгон. Аталган аймак талиптер жана “ал-кайидачы” жоочулар баш пааналаган жер катары белгилүү. Ал эми АКШнын куралдуу күчтөрү Ооганстанда 19 согушкерди жок кылганын кабарлоодо.
Маалыматка ылайык, АКШ жетектеген аскердик топ Ооганстандын чыгыш аймагында “ал-Кайиданын” бир жетекчисин жана бомба жасоочу жайды бутага алган. Бул аскердик өнөктүк Нангархар жана Хост вилайеттеринде жума күнү жүзөгө ашырылган. Ооган полициясынын билдиргенине караганда, курман болгондордун арасында карапайым атуулдар болгон жок.

XS
SM
MD
LG