Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

АКШда президенттик шайлоо өнөктүгү соңуна жакындоодо


Коомдук сурамжылоолорго караганда, Демократиялык партиядан президентикке талапкер сенатор Барак Обама дагы эле алдыда, бирок эң соңку жалпы сурамжылоолордун жыйынтыгы элдин ишеними Республикачыл талапкер Жон Маккейндин тарабына беш пайызга көбүрөөк оогонун көрсөттү. Маселен, жума күнү эле Обама жети пайызга алдыда болсо, ишембиде бул айырмачылык эки эле пайызды түздү. Учурда эки талапкер тең 4-ноябрга белгиленген шайлоонун жыйынтыгы күтүлбөгөн жакка өзгөрүп кетиши толук ыктымал болгон штаттарда өз өнөктүгүн жүргүзүшүүдө. Обаманын алдыдагы үгүт иштери Невада, Колорадо жана Миссури штаттарында өткөнү жатса, Маккейндин өз шайлоочулары менен жолугушуусу Виржиния жана Пенсилвания штаттарында өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG