Мусулман-исмаилиттердин рухий лидери Ага Хан IV учурда Тажикстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп жүрөт. Ал буга чейин Казакстанда болуп, президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан. Ага Хан корунун каражатына Нарын шаарында университет курулууда. (AJ)