Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

АКШда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү соңуна чыгууда


Мамлекет башчылыгына талапкерлер: демократ Барак Обама менен республикачыл Жон Маккейн үгүт өнөктүгүнүн эң акыркы күндөрүн шайлоодо жеңип чыгуу үчүн чечүүчү штаттарда өткөрүп жатат. Маселен кечээ Жон МакКейн Пенсильванияда, Обама болсо буга чейинки шайлоодо республикачыга добуш берген Огайо штатында эл менен жолугушууларды өткөрдү. Коомдук пикирди жалпы улуттук сурамжылоонун соңку жыйынтыктарына караганда Обама атаандашы Маккейнден 5-9%га алдыда бара жатат. АКШдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү элдин тикелей добушу аркылуу эмес, 538 адамдан турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан аныкталат. Жеңип чыгуу үчүн кеминде 270 добуш талап кылынат. Ар бир штаттын шайлоочулар коллегиясындагы өкүлдөрүнүн саны калктын санына жараша болот. Штатта көп добуш алган талапкер ошол штаттын шайлоочулар коллегиясындагы мүчөлөрүнүн баарынын добушуна ээ болот. Пенсильвания, Огайо, Флорида штаттары шайлоочулар коллегиясына 20дан кем эмес адам жөнөтөт.

XS
SM
MD
LG