Генерал Дэвид Петреус Пакистандын өкмөтү жана аскерий жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Исламабадга кечээ келди. Бул генерал Петреус Борбордук командачылыктын башчысынын кызматына өткөн жума күнү расмий киришкенден берки чет өлкөгө алгачкы сапары. АКШнын аскерлери согушкерлердин Пакистандагы турумдарына бир нече ирээт Ооганстан тараптан өтүп келип сокку урганына байланыштуу Вашингтон менен Исламабаддын мамилеси акыркы кездери чыңала түшкөнү байкалган.