Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Ишинен калпыстык кетирген балдар үйлөрүнүн башчылары жазаланды


Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, аталган министрликтин коллегиясындагы чечимге ылайык, Жалал-Абаттын Ноокениндеги акыл-эси жетишпеген балдардын мектеп-интернатынын жетекчиси Ж. Ниязова кызматынан бошотулду. Жетимдерди тарбиялап өстүрүүдө милдетин так аткарбагандыгы, балдардын билимге болгон укугун камсыздай албагандыгы жана каржылык ишинде кетирген калпыстыктары үчүн Ош, Жалал-Абаттагы айрым жетим жана майып балдардын мектеп башчыларына эскертүү берилди. Кыргызстанда багар-көрөөрү жок жана атайын муктаждыктагы балдар үчүн жыйырма беш билим берүү мекемеси бар. Анда баш-аягы үч жарым миңдей бала тарбияланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG