Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Элдик революциялык кыймыл меморандумга кол койбойт


Бул тууралуу кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Элдик революциялык кыймыл оппозиция кабыл алып жаткан меморандумдун бир топ жерлери менен макул эмес. Кыймылдын негизги максаты азыркы президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирип, андан кийин мамлекеттик системаны өзгөртүү. Ал эми оппозиция лидерлери парламентти кетирүүнү көздөсө, “Жаңы Кыргызстан” партиясы өкмөттү кызматтан кетирип, президентти калтырууну көздөөдө. Бул кыймылдын максатына каршы келет. Анткени өкмөт да, парламенттин президенттин кол алдындагы куурчак. Аларды кетирүү менен эч нерсе өзгөрбөйт.

Оппозиция бүгүн кабыл алууну пландаштырып жаткан кызматташуу жөнүндөгү меморандумда парламенттик бийлик системасын түзүү каралган. Элдик революциялык кыймыл Кыргызстанга кандай бийлик системасы керектиги элдик референдумда аныкталыш керек, деп кошумчалады Тургуналиев.(AiT)

XS
SM
MD
LG