Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Оппозиция меморандумга кол койду


Бүгүн Бишкекте оппозициялык күчтөр өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Оппозициялык күчтөрдүн биригүүсүн жана максатын аныктаган меморандумга кол койгондор арасында социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев, социал-демократиялык фракциянын депутаттары, "Ата Мекен" партиясынан Өмүрбек Текебаев, "Ак шумкар" партиясынан Темир Сариев, "Туран" партиясынан Каныбек Иманалиев, Жашылдар партиясынан Эркин Бүлекбаев, Улуу Биридик партиясынан Эмилбек Каптагаев, "Акыйкат үчүн" кыймылдан Аликбек Жекшенкулов, коомдук парламенттен Абдыганы Эркебаев, мурунку депутат Кубатбек Байболов, Накен Касиев, Мукар Чолпонбаев жана башка саясатчылар болду. Меморандумда Кыргызстанда оор социалдык-экономикалык кырдаал түзүлгөнү белгиленип, ага туура эмес бийлик системасы күнөөлүү деп аталган. Меморандумга кол койгон саясатчылар Кыргызстандын жаңы саясий Концепциясын ишке ашырууну, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууну жактаары айтылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG