Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Бишкекте террорго каршы күрөш талкууланат


4-5-ноябрда Бишкекте “Террорго каршы күрөштө мамлекеттик бийликтин, атуулдук коомдун жана бизнестин өнөктөштүгү” деп аталган регионалдык конференция болот. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана ЕККУ уюштуруп жаткан конференцияга БУУ, ШКУ, КМШ, ЖККУ уюмдарынын өкүлдөрү, Борбор Азия мамлекеттеринин атайын кызматтарынын, парламенттеринин, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Жыйында мамлекет, өкмөттүк эмес уюм жана атуулдук коомдун террорго каршы күрөшүүсүнүн бирдиктүү механизмдерин иштеп чыгуусу талкууланат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG