Кошмо Штаттарда эртеңки шайлоонун алдында президенттикке талапкерлер акыркы үгүт жыйындарын өткөрүшүүдө. Республикалык партиянын өкүлү Жон Маккейн Флоридадан Аризонага чейин жети штатты кыдырууну көздөөдө. Демократ сенатор Барак Обама 2004-жылы республикачылар жеңген Флорида, Түндүк Каролина жана Виржинияда болмокчу. Жалпы улуттук сурамжылоолордун көбү Обама алдыда баратканын көрсөтүүдө. Эрте шайлоого уруксат берилген 31 штатта болсо миллиондогон шайлоочу өз эркин буга чейин билдирди.