Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80-жылдыгына байланыштуу “Ала-Тоо” кино театрында көрсөтүлүүчү “Кош бол, Гүлсары” кино тасмасын казак режиссеру Ардак Амиркулов экрандаштырган. Башкы каарман Танабайдын ролунда кыргыз актеру Догдурбек Кыдыралиев ойногон. Өткөн айда аталган кино тасма Казакстанда өткөн “Евразия” кинофестивалынын баш байгесине татыктуу болгон. (AJ)