Бүгүн түштөн кийин өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп, анда төрт маселе каралат. Алардын ичинде быйылкы жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы, президенттин кайрылуусуна жараша өкмөт аткара турган иштердин планы, өлкөнүн 2011-жылга чейин өнүгүүсүнүн стратегиясы жана Эсеп палатасынын бюджетин аткарылышы боюнча текшерүүсүнүн жыйынтыгына байланыштуу маселелер бар. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. (AiT)