Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Министр депутатты издөө ишине канааттанган жок


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бир айдан ашык убактан бери дайынсыз жоголуп, табылбай жаткан депутат Руслан Шаботоев жана дагы бир депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыяр Амиржановду издөө иштерин сынга алды. Ал кечээ Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун оперативдүү-иликтөө тобу менен жолугуп, аларга дагы кошумча он күн берди. Министрдин орун басарлары Темиркан Субанов менен Дмитрий Федоров иликтөө иштери тууралуу күн сайын отчет берип турууга милдеттендирилди. Иликтөө топтун жетекчилери билдиргендей, жоголгондорду издөө уланып, күбөлөр жана окуя болгон жерде жүргөндөр суралууда. Элүүдөн ашык айыл, бир топ мейманкана, жүздөн ашуун пансионат жана котедждер, жер төлөлөр текшерилген. Күнөөлүү деп шектелген жарандардын сүрөтү тартылып, оперативдүү-иликтөө тобунун бардык кызматкерлерине таратылган. Учурда кошумча пландар менен иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG