Кыргызстан Тышкы иштер министри бүгүн Ирандын соода министри Сейед Мирказеми менен жолугушту. Анда Эднан Карабаев Иран компаниялары тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бир катар ийгиликтүү долбоорлорду белгилеп, соода-экономикалык кызматташууларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Иран министри Кыргызстанга кыргыз-иран соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын тогузунчу жыйынына келген.(AiT)