Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Кытай менен Тайвань бир катар келишимдерге кол коюшту


Тараптар түз аба каттамын 3 эсеге көбөйтүү жана 60 жылдан бери алгачкы ирет жүк ташуучу кемелердин эки жакка катташы жөнүндө макулдашышты. Ушул жана башка документтерге Кытай өкмөтүнүн жогорку расмий өкүлү Чен Юнлиндин Тайвандагы сапары учурунда кол коюлду. 1949-жылы жарандык согушта коммунисттерге утулуп калган улутчул бөлүктөр аралга качып кетишкен. Бээжин козголоңчу провинциясы деп эсептеген Тайванды керек болсо күч менен кайтаруу жөнүндө айтып келгени менен, акыркы жылдары тараптардын мамилелери жакшырганы байкалууда.

XS
SM
MD
LG