Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Бүгүн Ишенбай Адыразаковго Жапониянын ордени тапшырылат


Бүгүн Токио шаарында коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаковго Жапониянын биринчи даражадагы "Күн Чыгыш" орденин жапон императору Акихито тапшырат. Бул сыйлыкка Абдыразаков кыргыз-жапон байланышын чыңдоого кошкон салымы үчүн татыктуу болгон. Ал СССРдин учурунда Жапонияда элчилик кызматта иштеген. Биринчи даражадагы "Күн Чыгыш" ордени менен буга чейин Нобель сыйлыгынын ээси Василий Леонтьев, белгилүү музыкант Мстислав Ростропович, дирижер Валерий Гергиев жана башкалар сыйланышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG