Тбилисиден түшкөн кабарларга караганда, президент Михаил Саакашвили армиянын Генералдык штабынын башчысы Заза Гогаваны Орусия менен августа болгон кыска согуштагы "кемчиликтери" үчүн кызматтан бошотту. Буга чейин грузин президенти армиянын ошол согуш учурундагы ишмердигин сынга алган эмес. Генералдык штабдын жаңы башчысы болуп Владимер Чачибая дайындалды. Өткөн аптада Грузияда өкмөт башчысы алмаштырылган.