Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Диего Марадона башкы машыктуруучу болуп дайындалды


48 жаштагы белгилүү футболчу Диего Марадона Аргентинанын курама командасынын башкы машыктыруучулугуна расмий түрдө кечээ бекитилди. Буенос –Айрестеги маалымат жыйынында алар бул окуяны "кыялдын чындыкка айланышы" катары баалады. Оюнчу катар Марадона Аргентинаны 1986-жылы дүйнө чемпиону кылган, 1990-жылы дүйнөлүк чемпионаттын финалына алып чыккан. Бул ийгиликтеринен кийин ал наркозатты ашыкча колдонуудан, семиздиктен, жүрөк дартынан жапа чеккен. Эми Марадона өз өлкөсүнүн курама командасын 2010-жылы Түштүк Африкада өтүүчү дүйнө чемпионатына баштап барчыдай.

XS
SM
MD
LG