Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Обама шайлоодо жеңди, МакКейн жеңилгенин моюнга алды


4-ноябрдагы добуш берүүнүн натыйжасында Демократиялык партиянын талапкери Барак Обама Пенсильвания, Огайо, Виржиния өңдүү чечүүчү штаттарда алдыга чыгуу менен шайлоочулар коллегиясынын шайлоодо жеңип чыгуу үчүн талап кылынган 270ден ашуун добушун камсыздай алды.

Шайлоочулар коллегиясынын курамы өлкөнүн 50 штатынын жана борбор Вашингтондун 538 өкүлүнөн турат.

Ошентип, 47 жаштагы Барак Обама АКШнын кыркы төртүнчү жана теги афроамерикалык туңгуч президенти болот. Жаңы президент кызматына расмий түрдө 2009-жылдын 20-январында киришет.

Коомдук пикирди сурамжылоонун дээрлик баарынын шайлоо алдындагы жыйынтыктары жыйынтыктары демократ Барак Обама, атаандашы республикачыл Жон МакКейнден алдыда экенин көргөзгөн.

Бул жолку тарыхый шайлоодо 100 миллиондон ашуун адам добуш берери күтүлгөн. Маалыматтар добуш берген америкалыктардын саны бул ирээт рекорддук көрсөткүчкө жетиши мүмкүн экенин ишара кылууда.

Кабарларга караганда, добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочулардын узакка кезек күтүүсү, добуш берүү машиналарынын бузулушу өңдүү айрым проблемалар болду. Бирок жалпысынан добуш берүү текши жүрүүдө.

Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, америкалыктар азыркы шайлоонун башкы маселеси катары экономиканы аташкан. Америкалыктар азыр президент менен Конгресстин эл өкүлдөр палатасынын баардык 435, ал эми Сенаттын үчтөн бирин же 35 мүчөсүн да тандап жатат. Божомолдорго караганда, демокрарттар Конгресстин эки палатасында көзөмөлдү сактап калары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG