Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

АКШ гана эмес жалпы дүйнө жаңылануу алдында турат


Мындай пикирин “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Саясатчынын айтымында, демократ Барак Обаманын жеңишке жетишине бүгүнкү кырдаал эң ыңгайлуу шарт түзүп берди. “Америка көп жагынан, өзгөчө башкаруу системасы жагынан консервативдүү өлкө болуп келген. Азыр жаш Обама келип, Ак үйдүн ичинде, Конгрессте чоң өзгөртүүлөрдү жүргүзөм деп жатат. Обаманын келиши менен Американын саясатында кандайдыр бир жаңылануулар болот. Эгерде АКШда жаңылануу болсо, дүйнө саясатында да жаңыланууларды күтсөк болот, -дейт Т.Сариев. (MSu)

XS
SM
MD
LG