Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

АКШнын эли шайлоо системасына ишенет


Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” билдигенине караганда, ага МакКейндин Обаманы жеңиши менен куттуктап, өзүнүн жеңилгенин расмий түрдө мойнуна алганы жылуу таасир калтырган. “Өзүнүн жеңилгенин мойнуна алуу - бул “шайлоочулар ушундай добуш берди” деген ишенимди түшүндүрөт. Демек талапкерлер менен шайлоочулар шайлоо системасына ишенишет. Эки талапкердин ортосунда айырма анча деле чоң эмес, 270 добуш. Кыргызстанда болгондо 270 добушка эч ким ишенмек эмес, нааразычылыктар болмок”,- деп белгилейт Азиза Абдырасулова. Укук коргоочу президенттин афроамерикалык тегине токтолуп, бул жагдай майда улуттар арасындагы карама-каршылыктарды жою жана кичине улуттардын укугунун корголушуна өз таасирин тийгизет деп эсептейт.(AzK)

XS
SM
MD
LG