Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Нуралыктардын фондуна 42,8 миллион сомдон ашык каражат түштү


Ош областынын губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаевдин билдирүүсүнө караганда, түшкөн каражаттын 12 миллион 461 миң 160 сому өзгөчө кырдаалдар министрлигине мобилдүү үйлөрдү тургузуу жана азык түлүк продукцияларын алуу үчүн бөлүнгөн. Каражаттын калганы фонддо сакталуу турат.Учурда Нура айылында 83 мобилдүү үй тургузулган. Мындан тышкары 68 үй-бүлөгө Кызыл-Кыя цемент заводу тарабынан бир кабаттуу мобилдүү үйлөр курулуп жатат. “Азыр Нурада ар бир үй-бүлөгө 3 тоннадан көмүр жана 50 килограммдан ун таратылды”,-деп кошумчалады Айтмамат Кадырбаев.

XS
SM
MD
LG