Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

ЖК диний уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун жактырды


"Диний уюмдар жана ишеним эркиндиги" тууралуу мыйзам долбоору бир катар талкуулардан кийин парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Талкуу учурунда депутаттар көпчүлүк добуш менен “диний уюм 200дөн кем эмес мүчөсү болгондо гана катталат” деген жобону күчүндө калтырышты. Депутат Зайнидин Курмановдун айтымында, аталган мыйзам долбоору мыйзамды катаалдатуу үчүн эмес, диний уюмдарды каттоону жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө багытталган. Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, дин боюнча сабактар жалпы билим берүү программасына кошула алат. Ошол эле кезде жеке адамга уруксаты жок өз алдынча дин боюнча сабак берүүгө тыюу салынды. Ошондой эле мыйзамда өлкө ичине алып келинип жаткан диний адабият, аудио жана видео материалдар сөзсүз түрдө диний экспертизадан өтүшү керектиги каралган. (MSu)

XS
SM
MD
LG