“Алтын - биздин балачак” аттуу кайрымдуулук фонду уюштуруп жаткан иш чара 8-ноябрда Г.Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде ачылат. Анда он алты жашка чейинки балдардын “Менин мекеним, үйүм, үй-бүлөм” деген темадагы эмгектери эл сынына коюлат. Иш чаранын уюштуруучуларынын айтымында, көргөзмөнүн башкы максаты - мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдарды колдоо. (AiJu)