Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Медицина тармагында гранттарды туура эмес колдонгондор жазаланат


Бүгүн парламент саламаттыкты сактоо тармагында насыя, гранттар жана гуманитардык жардамдардын туура колдонулушу боюнча токтомдун долбоорун кабыл алды. Долбоор аталган маселени иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын тыянагынын негизинде түзүлдү. Комиссия тыянагын парламентке 24-октябрда бергенине карабастан, ушуга чейин ал боюнча чечим чыга элек болчу. Комиссиянын маалыматы боюнча, 2001-жылдан ушул жылдын август айына чейин саламаттыкты сактоо тармагына 10 млрд. 832 млн. жети жүз кырк миң сом гранттык жардам түшкөн. Ал эми гуманитардык жардамдын жалпы суммасы жети млрд. 576 млн.го чукул. Бирок бул каражаттардын бардыгы максатка ылайык колдонулган эмес. Андыктан токтомдун долбооруна ылайык, өкмөткө гранттык каражаттарды туура эмес колдонгон аткаминерлерди таап, аларды жазага тартуу тапшырмасы коюлду. (AiJu)

XS
SM
MD
LG