Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:59

И.Исаков социалдык-экономикалык кризиситен чыгуунун жолун сунуштады


“Жаңы Кыргызстан” партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаков бүгүн президентке ачык кат жолдоп, өлкөнү катаал абалдан чыгаруунун жолун сунуштады. И.Исаковдун айтымында, алгач мамлекетти кризиске алып келген өкмөттү отставкага кетирүү керек. Мындан тышкары “Түндүк электрди”, Бишкек жылуулук борборун жана Бишкек жылуулук тармактарын сатууну токтотуу зарыл. “Жаңы Кыргызстан” партиясы өкмөттүн түзүлүшү боюнча да сунушун айтты. Ага ылайык, премьер-министр, 2 биринчи вице-премьер-министр, 2 вице-премьер-министр болушу керек. Министрликтердин саны он төрттөн он экиге чейин азайышы керек. Тышкы иштер министрлигин мамлекеттик катчы жетектеши керек. Коргоо министрлиги өзүнө Чегара кызматын жана Өзгөчө кырдалдар министрлигинин байланыш бөлүмдөрүн камтышы керек. Ал эми Юстиция министрлиги каттоо кызматтарын камтып, аны башкы прокурор- адилет министри, ал эми Каржы жана экономика министрлигин вице-премьер - каржы министри жетектеши керек. Ошондой эле “Жаңы Кыргызстан” партиясы Соода жана өнөр-жай министрлиги, Курулуш, транспорт жана байланыш министрлиги, Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо министрлиги , Энергетика жана отун ресурстары министрликтери түзүлүшү керек деп эсептейт. (MSu)

XS
SM
MD
LG