Мамлекет башчы Курманбек Бакиев куттуктоосунда белгилегендей, пресса көп учурда коомдук маанайды аныктап, республикада жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялардын күрөө тамырын кармап турат. Анын мамлекеттеги төртүнчү бийлик деп аталышы да ошондон, дейт К.Бакиев. “Сөз эркиндиги адам баласынын укуктарынын жана эркиндиктеринин ажырагыс бөлүгү, мамлекетти демократиялуу өнүктүрүүнүн барометри болуп саналат. Биз аны чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн мындан ары да колдон келген аракетти жумшай бермекчибиз. Сиздерди мындан ары да окуяларды чагылдырууда журналисттик профессионализмдин принциптерин - акыйкаттуулукту, объективдүүлүктү жана калыстыкты карманып иштөөгө чакырып кетмекчимин”, деп айтылат президенттин куттуктоосунда. (MSu)