10-ноябрда жаштар күнүнө арналган “Жаштар өлкөнүн өнүгүшүндө” аттуу улуттук конференция өтөт. Анда жаштар саясатынын жаңы концепциясы талкууга коюлат. Ага ылайык жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон көз караштары, сунуштары угулат. Бул иш-чарага бейөкмөт жана жаштар уюмдарынын, жаштардын демилгечи топторунун, жаштар саясаты боюнча иш алып барган мамлекеттик, жергиликтүү мекемелердин өкүлдөрү катышат. Ушул багытта активдүүлүгүн көрсөткөн жаштарга ардак громаталар менен белектер тапшырылат. Кыргызстанда 2002-жылдан тартып 10-ноябрда жаштар күнү белгиленип келет. Ошол убактан бери мындай конференция биринчи жолу уюуштурулууда(КЕ)