Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

И.Өмүркулов: Кыргызстанда өкмөт эч качан азыркыдай начар иштеген эмес


Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов мындай пикирин 2009-жылдын бюджетин талкуулап жатканда билдирди. Депутаттын айтымында, Баш мыйзамдын 73-беренесине ылайык өкмөт жыл сайын парламентке өлкөнүн экономикалык өнүгүү программасын алып келиши керек болчу, бирок андай болгон эмес. “Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына алдын ала божомолдор жүргүзүлгөн эмес. Дүйнөлүк каржы кризисинин алдын алуу программаларын айтпай эле коеюн, өкмөттө энергетика кризиси кандай чыгымдарды алып келгендиги тууралуу так маалымат жок”, - дейт ЖК депутаты. Ошондой эле И.Өмүркулов өкмөт дагы деле мурдагыдай чоң сумманы чиновниктердин аппаратына коротуп келээрин кошумчалады. Анын айтымында, 800 млн.сом эле Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигине коротулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG