Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

«Мегакомфорт» базарынын арендаторлору бийликтин чечимине каршы


«Мегакомфорт» базарынын арендаторлору бийликтин бул базарды И.Фучик атындагы парк тарапка которуу чечимине каршы. Бул тууралуу алар бүгүн маалымат жыйында билдиришти. Алардын айтымында, күндөгүдөй эле эртең менен жумушка келишсе, базардын дарбазасы жабык, ал эми айланасын милиция кызматкерлери курчап алышыптыр. Бул жерде иштегендерге алар Свердлов райадминистрациясынын базарды башка жакка көчүрүү тууралуу токтомун көрсөтүшкөн, бирок анда колу жана мөөр коюлбаганы айтылды. Базарда иштегендер бул чечим тууралуу аларга эч ким алдын ала эскертпегенин билдиришти жана муну өз укуктарынын бузулуп жатканы катары кабылдашаарын айтышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG