Буга байланыштуу кечээ президент Курманбек Бакиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, журналисттерге кесиптик күнүнө карата куттуктоо жолдоп, өлкөдө сөз эркиндигине маани берилип жатканын белгилеген. Ал эми Медиа өкүл Илим Карыпбеков болсо өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлап баратат деген ойдо:
-Эл аралык иликтөө, абройлуу уюмдардын жыйынтыгына караганда сөз эркиндигинин уламдан-улам төмөндөп начарлап баратканын көрсөтүп жатышат. Буга себепкер болгон журналисттерди уруп, токмоктоп кетүү, укуктук коопсуздуктун жоктугу, массалык маалымат каражаттарына чектөө киргизилген мыйзамдардын алынышы. (AJ)