Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Барак Обама азыр Чикагодо


АКШнын шайланган президенти бүгүн алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, экономикалык кеңешчилери менен кездешет. Президенттик шайлоодо жеңгенден кийинки алгачкы маалымат жыйыны Чикаго шаарында болмокчу. Кечээ ал өзүнүн болочок администрациясындагы биринчи дайындоону жарыялады. Барак Обаманын аппаратын демократ-конгрессмен Рем Эмануель (Rahm Emanuel) жетектейт. Кечээ ал ошондой эле АКШнын Борбордук чалгын кызматынан мамлекет башчысына берилип турулуучу жашыруун маалыматтар топтомунун биринчисин алды.

Бийликти өткөрүп алууга байланышкан маселерди талкуулоо үчүн Барак Обама менен кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Жорж Буш келерки дүйшөмбүдө Вашингтодо жолугары күтүлүүдө.

Барак Обама АКШнын 44-президенти катары келерки жылдын 20-январында ант бермекчи.

XS
SM
MD
LG