Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Глобалдык экономика тездик менен төмөндөөдө


Бул тууралуу Эл аралык Валюта Кору билдирди жана мындай жагдай валюта корунун айтымында, глобалдык экономикадагы өсүш боюнча божомолдорду кайра кароого алып келди. Эл аралык Валюта Корунун билдирүүсүндө белгилегендей, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн экономикасы келерки жылы жалпысынан 0,3%га төмөндөйт. Аталган каржы уюмунун жаңы божомолуна караганда, маселен Британиянын экономикасы келерки жылы 1,3%, Германияныкы 0,8%, АКШ менен Испанияныкы 0,7%га ылдыйлайт. Экономиканын өсүү ыргагындагы төмөндөө дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүндө да орун алмакчы, бирок алар жалпысынан 5%дык өсүшкө жете алат.

Валюта Корунун болжолунда Кытайдагы өсүш келерки жылы 8,5, Индияныкы 6,3%, Орусияныкы 3,5%га түшөт. Эл аралык Валюта Кору жалпысынан дүйнөлүк экономика келерки жылы өсөт деп күтөт, бирок ал мурдагы 3 пайыздык болжолун азыр 2,2 пайызга түшүрдү.

XS
SM
MD
LG