Эки тарап мурда мерчемделгендей, АКШнын азыркы президенти Жорж Буштун кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин тынчтык келишимине жетери арсар болуп турганын Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс биринчи ирээт моюнга алды. Райс Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын жандандыруу боюнча сапарынын алкагында кечээ Израилге келди. Ал ошондой эле Палестин автономиясына, Иорданияга, Египетке барат.