Түндүк Осетиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтарына караганда, кечээ жардыруудан он адам каза тапкан. Ал эми жаракат алгандардын экөөсүнүн абалы оор. Жардыруу кечээ республиканын башкааласы Владикавказдын борборундагы базарда болгон. Тергөөнүн баштапкы маалыматтарына караганда, жардырууну аял жанкечти жасаган. АКШ жана Еврошаркет жардырууну айыптады. Эртең Түндүк Осетияда аза күтүү күнү.