Президент Михаил Саакашвилиге оппозицияда турган партиялар бүгүнкү демонстрациясын Тбилисинин борбордук аянтында өткөргөнү жатат. Нааразылык жыйыны өкмөт оппозициянын былтыркы тынч демонстрациясын күч менен таратканынын бир жылдыгына тушташ уюштурулууда.
Грузин оппозициясы президент Саакашвилини Түштүк Осетиядан улам Орусия менен августагы согушта жаңылыштык кетиргени үчүн айыптоодо. Ага катар президентти коррупциялык иштер, адам укуктарынын бузулганы үчүн да күнөөлөп жатат. Грузин оппозициясынын пикиринде, өлкөдө мөөнөтсүз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүлүүсү керек. (UE)