Маалымат жыйыны Чикагодо болот. Барак Обама бүгүн ошондой эле өзүнүн экономикалык кеңешчилери менен кездешкени жатат. Жардамчыларынын айтымында, кечээ ал АКШнын тогуз өнөктөшү – Австралия, Британия, Канада, Франция, Германия, Израиль, Жапония, Мексика, Түштүк Кореянын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, куттуктоолору үчүн ыраазчылык билдирди.
Барак Обама кечээ өзүнүн болочок администрациясындагы биринчи дайындоону да жарыялады. Барак Обаманын аппаратын демократ-конгрессмен Рам Эмануель жетектейт. Кечээ ал ошондой эле Чикагодо АКШнын чалгын кызматтарынын мамлекет башчысына күн сайын берилип турулуучу жашыруун маалыматтар топтомунун биринчисин алды.
Бийликтин өткөөл мезгилиндеги маселелерди талкуулоо үчүн Барак Обама менен кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Жорж Буш келерки дүйшөмбүдө Вашингтодо жолугары күтүлүүдө.