Бүгүн маалымат жана басма сөз күнүнө карата Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин маңдайында “Мурат, сөз эркиндигине тийишпе!” деп аталган акция өтөт. Иш-чаранын уюштуруучусу укук коргоочу Максим Кулешовдун билдиргенине караганда, бул акцияны өткөрүүгө “Дело№” гезитинин журналисти Вадим Ночевкиндин УКМКга суракка чакырылышы себеп болду. “Сөз эркиндиги эми атайын кызматтар тарабынан кысымга алына баштады. “Дело№”, “Де факто”, “Алиби” гезиттеринин жабылышы - көз карандысыз ММКларды “сындырып” баштаганынын далили”,- дейт укук коргоочу. (MSu)