Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Грузиянын оппозициясы нааразылык жыйын өткөрүүдө


Грузиянын оппозициясы бүгүн Тбилисинин борборунда парламент имаратынын алдында нааразылык жыйын өткөрүүдө. Бир жыл мурда дал ушул күнү грузин өкмөтү оппозицияны колдоп чыккан демонстранттардын митингин күч менен таркаткан. Оппозиция бийликтен президенттик жана парламенттик эрте шайлоо өткөрүүнү, “Имеди” сыналгы каналын маркум ишкер Бадри Патаркацишвилинин үйбүлөсүнө кайтарып берүүнү талап кылууда. Оппозиция президент Михаил Саакашвилини адам укугун бузууда жана коррупцияга бөгөт койбой жатат деп айыптап келет. Айтмакчы, расмий Тбилиси бул бүгүнкү нааразылык жыйынды өткөрүүгө оппозицияга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG