Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Репрессияда курман болгондор эскерилди


Бүгүн “Ата-бейит” мемориалдык комплексинде репрессияда атылгандардын 70 жылдыгына байланыштуу митинг-реквием өттү. Митинг алгач курман болгондорго гүл коюу менен башталды. Иш-чарага катышкан тарыхчы Равил Касымовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, митинг-реквиемге шаар мэри Нариман Түлеев, репрессияда курман болгондордун туугандары, мектеп окуучулары, студенттер катышып, сөз сүйлөштү. Репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн алгач Орусиядагыдай 30-октябрда өткөрүү тууралуу токтом ушул жылдын январь айында кабыл алынган. Бирок 1938-жылдын 8-ноябрында 137 адам атылгандыктан эскерүү күнү 8-ноябрга которулган. Мындай чечимди парламент депутаттары сентябрда кабыл алышкан. (MSu)

XS
SM
MD
LG