Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Чүйлүк дыйкандардын кант кызылчасын Казакстан алмай болду


Панфилов районунда кант кызылчасын иштетип турган «Каинды - Кант» ишканасы башка өлкөлөрдөн алынып келинген чийки затты иштетип жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү продукциядан баш тарткан болчу. Буга байланыштуу Панфилов районунун башчылары учурда Казакстандын Жамбыл облусу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Алгачкы натыйжалары жакшы. Райондун акими Самарбек Күчүков Жамбыл кант заводу панфиловдук дыйкандардын кызылчасын килограммын 2 сомдон алмай болгонун "Азаттыкка" билдирди. Панфилов району Чүй облусундагы эн көп кызылча өндүргөн район. Быйыл аталган райондо кант кызылчасы төрт жүз гектардан ашуун аянтка айдалган. (SA)

XS
SM
MD
LG