Евробиримдиктин лидерлери дүйнөлүк каржы кризисине арналган Вашингтондо өтө турган саммитке карата “орток позицияны иштеп чыгышты”. Бул тууралуу Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Франциянын президенти Николя Саркози Брюсселде Биримдикке кирген 27 өлкөнүн лидерлери менен кеңешкенден кийин билдирди. 15-ноябрда АКШ президенти Жорж Буш уюштурчу саммитке өнүккөн 20 өлкөнүн лидерлери катышары күтүлүүдө. Саммитте дүйнөлүк каржы кризиси менен күрөшүү жана финансы системасын реформалоо боюнча маселелер каралат.