Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Бишкекте дин маселесин талкуулаган конференция болот


11-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы “Ак кеме” мейманканасында дин маселесине арналган улуттук конференция өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдайт. “Дин маселелеринде пикир алышууну жана укуктук багытты өнүктүрүүгө түрткү берүү” деп аталган конференцияга укук коргоочулар, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн жана президенттин администрациясынын өкүлдөрү, диний конфессиялардын жетекчилери катышмакчы. Дин боюнча жаңы мыйзамдын негиздерине таянып диний маселелер талкууга алынмакчы болгон конференцияны Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жана ЕККУнун өкүлчүлүгү биргеликте уюштурмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG