Бул тууралуу “Азаттыкка” суу чарбасы департаментинин жетекчисинин орун басары Чынгысбек Узакбаев билдирди. Анын айтымында, былтыркыдай кургакчылык жаратылышта маал-маалы менен болуп турат. Мисалы акыркы жолу 1977-жылы ушундай кургакчылык орун алган. Эмки жылы дагы жаан-чачындын аз жаашы күтүлүүдө. Андыктан, өлкөдөгү болгон суу сактагычтарды толтуруп алуу үчүн бардык иш-чаралар көрүлүшү керек. Сууну үнөмдөө боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тетири кеткен сууларды суу сактагычтарга буруу зарыл. Ч.Узакбаевдин айымында, мындай чаралар көрүлбөсө, айыл-чарбасы чоң зыян тартып калыш мүмкүн.(AiJu)