Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Бүгүн Кыргызстан жаштарынын күнү


Бүгүн Бишкекте өлкөдөгү жаш лидерлер, бул жаатта иш алып барган бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулуп жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепцияны талкуулоодо. Концепцияны президенттин администрациясы башында турган топ иштеп чыккан. Топко бийликчил, оппозициялык маанайдагы жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген. Жаштар иши боюнча департаменттин башчысы Айдар Жоробековдун "Азаттыкка" билдиришинче, концепциянын буга чейинки документтерден өзгөчөлүгү аны иштеп чыгуу демилгесин мамлекет эмес, жаштар өздөрү көтөрүп чыкты жана аны түзүүгө жаштардын калың катмары тартылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG