“Перемена” инновациялык билим берүү корунун жетекчиси Алмаз Тажибай мындай пикирин “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Ал учурда жаштардын бир топ оор көйгөйлөрү бар экенин, аларга бийликтин күчү менен тезирээк көмөк көрсөтүү керектигин белгиледи. Талкууга коюлган жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепция жакшы жазылганын, кеп эми ишке ашырууда калганын кошумчалады. Эң башкысы жаштарга жашоосун өзгөртүү жараяндарына жигердүү катышууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек, дейт А. Тажибай. (EBM)